Ырчы Айнура Салахидинова бүгүн, 2-октябрда 33 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн кантип белгилей турганын айтып берди.
"Туулган күнүм менен биринчи болуп жолдошум саат 00:00дө куттуктады. 3-4 жылдан бери туулган күнүмдү белгилебей калгам. Себеби ал учурда тойлор көп болуп, бошобой калчумун. Бүгүн дүйшөмбү болгондуктан убактымды бөлүп, туулган күндү кечинде жакындарым менен бирге белгилейин деп жатам", - деди ал.
Белгилей кетсек, Айнура Салахидинова 1984-жылы 2-октябрда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз экономикалык университетинин маданий-эстетикалык борборунун комуз ийриминин көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. Алгач "Кусалык", "Сен жокто" деген аталыштагы ырлары менен эл оозуна алынган. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.
2-октябрга карата жылнаама.