Эл аралык олимпиадалык комитет Алматы шаарын 2026-жылы кышкы Олимпиаданы өткөрө турган шаарлардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешти өткөрүүгө бир нече шаар кызыгууда, алардын ичинде Австриянын Инсбрук шаары, Швейцариянын Сьон жана Канаданын Калгари шаарлары. Андан тышкары бул тизмеде Казакстандын Алматы, Япониянын Саппоро жана Түркиянын Эрзурум шаарлары аталган.
Улуттук олимпиадалык комитеттердин президенттерине сынакка катышуу тууралуу кат жөнөтүлгөн. Чечим 2019-жылы Милан шаарында өтө турган эл аралык Олимпиада комитетинин чогулушунда айтылат.
Буга чейин Алматы шаары 2022-жылы кышкы Олимпиаданы өткөрө турган жарышка катышкан, бирок Пекин шаарына жеңилип калган.