"Тамашоучу" Актан Рыскелдиев экинчи ирет ата болду

"Тамашоучу" жана шоумен Актан Рыскелдиев бүгүн, 2-октябрда экинчи ирет ата болду. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.

"Бүгүн эртең менен Токтогулга той алып баруу үчүн келгем. Жубайым жакшынакай узатып, үйдө калган. Көрсө ошондо эле толгоосу башталган экен, мени сарсанаа болбосун деп сыр бербептир. Азыр эле телефон чалып уулдуу болдук деп сүйүнчүлөп жатпайбы. Саат 16:30да көз жарыптыр, ден соолугу жакшы. Кызыгы, төрөтканага улуу балам Жантайды жетелеп алып, өзү эле барыптыр. Азыр сүйүнүчүмдө чек жок, буюрса, таң атпай Бишкекке барып калам", - деди кубанган ата.

Белгилей кетсек, Актан Рыскелдиев 2014-жылдын сентябрь айында үйлөнүп, жубайы Феруза экөө Жантай аттуу уулду тарбиялап келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
DUNI
2017-10-02 18:22:38
Куттуктайм,кыргыздын санын кобойто бергиле
+5
Benazir08
2017-10-02 19:20:18
Уулдар тороло берсин... омурун берсин. Жубайын биздин улуттан эмес окшойт гоо
+6
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-02 20:27:58
Benazir08, озбек улутунда аялы
+2
DUNI
2017-10-02 20:54:08
Аялы озбек за то баласы кыргыз болуп жататго
+4
Aidani
2017-10-02 21:09:01
Улутуна асылбай эле ХХХХ, чиновниктерин аялдары деле кыргыз эмес. Актан бешик боо бек болсун
0
Alibay
2017-10-03 10:27:35
Азамат Актан ,мыкты актерсун.Сенден умутум чоон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан