Сот депутат Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Мындай маалыматты депутаттын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирди. "Сот депутат Исаевдин баш коргоо чарасын карап чыгып, 30-ноябрга чейин өзгөртүүсүз калтырды. Эми ал тергөө иштери бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагында калат", - деп билдирди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн мурдагы аскердик соттун имаратында Канат Исаевдин тарапташтары чогулушкан. Белгилүү болгондой, анын баш коргоо чарасы каралмак. Соттун имараты милиция тарабынан курчоого алынган. Исаевге колдоо көрсөтүү үчүн келгендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, анын үй-бүлө мүчөлөрү да бар.
Кошумчалай кетсек, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган.