Голливуд жылдыздарына болгон окшоштугу менен таанылгандар

Голливудда белгилүү жылдыздарга болгон окшоштугу менен атактуу болгон инсандар көп. Буга чейин поп-падыша Майкл Жексон, эже-сиңдилер Ким Кардашьян менен Кайли Женнер, ырчы жана актриса Селена Гоместин "түгөйлөрү" тууралуу жазсак, эми төмөндөгү жылдыздарга окшош инсандардын сүрөттөрүн жарыялоону туура көрдүк.

Анжелина Жоли

Голливуд актрисасы Анжелина Жолиге окшош 23 жаштагы модель Мара Тайген. Ал 13 жашынан тарта моделдик кесипти аркалап, ошол учурдан тарта "Жолиге окшошсуң" деген пикирлерди угуп келет. Өзүнүн айтымында, Тайген актрисага окшошуу үчүн эч кандай операциянын жардамын колдонгон эмес. Бул анын табияттан берилген жүзү.


Мара Тайген

Рианна

Рианнага окшош кыздын аты-жөнү - Андель Лара. Бостондук бул кыз 22 жаштагы студент. Ал чет элдик маалымат кызматтарына берген маегинде Рианнага окшош болгондугу үчүн бир канча моделдик агенттиктер иштешүүгө чакырганын жана көчөдөн ырчынын күйөрмандары ар дайым аны менен алмаштыра беришерин айтып берген.

Андель Лара

Кэти Перри

Америкалык ырчы Кэти Перринин "түгөйү" британиялык актриса Франческа Браун. Ал өзү Кэти Перрини алгач тааныбагандыгын жана көпчүлүк аталган ырчыга окшоштура баштагандан тарта анын чыгармачылыгы кызыгуу жаратканын билдирген.

Франческа Браун

Женнифер Лопес

Женнифер Лопеске окшош 34 жаштагы америкалык модель - Жессика Бурсиага. Учурда анын интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына 1,7 миллион окурман жазылган.

Жессика Бурсиага

Ариана Гранде

Американын жаш актриса жана ырчысы Ариана Гранденин "эгизи" Жекки Васкез жөнөкөй эле жаран. Бирок Грандеге болгон окшоштугу менен аты таанылып, өздүк баракчасына жазылган колдонуучулардын саны 239 миңге жеткен.

Жекки Васкез

Адель

Өзгөчө үндүү Адель менен швециялык 23 жаштагы Эллинор Хеллборг аттуу кызды окшоштурушат. Хеллборг ырчынын күйөрманы болгону менен, "мен эч качан бирөөнү туураганга аракет кылбайм, себеби мен өзүмчө адаммын" деп айтканы бар.

Эллинор Хеллборг

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ali-han
2017-10-03 11:50:29
Мен дагы Бред Питке окшошуп кетем)))
+5
Gulum91
2017-10-03 13:09:49
Баары тен аябай окшош экендер.
+2
tttalant
2017-10-03 13:19:43
Мен озумо эле окшойм.хаха
+1
Dybala.
2017-10-03 13:24:40
Бизде 120 та окшош адам бар баары бир бирине окшош.
+8
Tyty1990
2017-10-03 14:06:02
Мен мерген турганга окшошмун
+1
jigit.paren
2017-10-03 15:31:38
Биздин айылда Бөлөн деген киши бар Сталлоненин эле копиясы айылда аны Силвестр деп коюшат.
Анан мен биздин президентибизди Николас Кейджге окшоштурам бир караганда окшошуп кетет го
+3
AKCAHAT
2017-10-03 23:48:18
jigit.paren,красавчик экен анда биздин президент))
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-10-03 19:05:16
Мен Мирбек Абабековго окшошмун
0
Nazaroff1974
2017-10-03 20:31:05
Шварценеггир мага аябай окшош.Озгочо алыыстан арт жагынан караганда дем алып жатканы мен эле,дурбуну тескери кармап алып караганда менин эле копиям.
+1
Nazaroff1974
2017-10-03 20:36:53
Планета обьезян деген кинонун жанысын кордум.Сонун фильм экен.Анан 120 экен саны.Сарысы,карасы,чону,кичинеси болуп.Санынын,окшоштуктарын коруп оозум ачылып калды..
+1
iasin
2017-10-04 22:48:55
Биздин Анжелика кайда. Аны унутпагыла кокуй.. Мындай немелердин арасына кыпчылса кызыктуурак болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан