Бүгүн, 3-октябрда "Медиа-портал" бөлүмү ырчылар Тотомидин Жолдошов жана Маринанын "Сүйүү шам чырагы" ырынын клиби менен толукталды. Анда баш каармандын образын өзү жараткан ырчы Тотомидин Жолдошов клип тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
"Клипти 5 күндө тартып бүтүрдүк. Марина тартуу иштери жүрүп жаткан маалда кечикпей убагында келип, жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн көп кыйынчылык болгон жок. Клипте мен сүрөтчүнүн, Марина журналисттин ролун аткарды. Орус кызы менен кыргыз жигитинин ортосундагы сүйүүнү көрсөткүбүз келди. Ырдын сөзү Жылдызбек Турсунбевге, обону мага таандык".
"Сүйүү шам чырагы" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.