6-октябрь күнү Бишкектеги орус илим жана маданият борборунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган китептин бет ачары болот. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, "Адам элдин эсинен чыкканга чейин - тирүү" деген аталыштагы китеп жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова жана жээни Асан Ахматов тарабынан даярдалган. Анда Айтматовдун туугандарынын жана жакын адамдарынын эскерүүлөрү, үй-бүлөлүк жеке архивдеги сүрөттөрү, ошондой эле жазуучу тууралуу буга чейин белгисиз болгон фактылар жарыяланат. Китеп диалог түрүндө жазылган.
Бет ачардын алкагында "Адам элдин эсинен чыкмайынча - тирүү" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү да өтөт.