Ушул жылдын сентябрь айында дүйнө салган "Playboy" журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер тууралуу фильм тартылып, анын образын америкалык актёр Жаред Лето аткарат. Бул боюнча чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тасманын режиссёру - Бретт Рэтнер. Режиссёрдун айтымында, Жаред Лето бул ролду аткарууну өзү суранган.
"Жаред экөөбүз эски достордонбуз. Ал менин Хью Хефнер тууралуу тасма тартарымды угуп дароо эле баш каармандын ролун суранган. Анын образды мыкты ачып берерине көзүм жетет. Себеби ал замандын мыкты жаш актёрлорунун сап башында", - деген Рэтнер.
Белгилей кетсек, Рэтнер тасма тартуу укугун 2007-жылы эле алган. Көп өтпөй режиссёрдон ал укукту Жерри Вайнтрауб аттуу режиссёр сатып алып, 2015-жылы көзү өтүп кеткендиктен быйыл фильмди тартууга Бретт Рэтнер кайрадан өзү киришкен.
Башкы бетине жылаңач кыздардын сүрөтүн чыгарган "Playboy" журналынын алгачкы саны мындан 64 жыл мурун чыккан. Анын башкы бетине белгилүү актриса Мэрилин Монро тартылган. Журналдын нускасы 160 миңден ашат.