Бүгүн, 4-октябрда "тамашоучу" жана актёр Рүстөм Аскенов 26 жашка толду. SUPER.KG порталы аны куттуктоо үчүн байланышып, туулган күндүк маанайы менен таанышты.
"Кечээ күнү тойдо тамада болчумун. Той бүткөн соң үйгө жөнөп жатсам, жанымда жүргөн Нуркул деген дос балам торт көтөрүп келип куттуктады. Азыр шаарда жумуштарым менен жүрөм. Маанайым абдан жакшы, туулган күнүмө чоң белек эшиктеги аба ырайы болду. Себеби мен салкын жел уруп, аз-аздан жаан себелегенин аябай жакшы көрөм. Буюрса, кечинде досторум менен чогулуп, борбордогу чайканалардын бирине аш жегенге барабыз", - деди ал.
Рүстөм Аскенов 1991-жылы 4-октябрда Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча тиш доктур. Бирок кичинесинен эле чыгармачылыкка кызыккандыктан, мындан 9 жыл мурун "Тамашоуго" келген. Көпчүлүк адамдар аны "Бир мешок акча" тасмасындагы ашпозчунун ролу аркылуу таанышат.
4-октябрдын жылнаамасы.