SUPER.KG порталынын "Медиа-порталына" Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын аткаруусундагы "Бассам, турсам" ырынын клиби кошулду. Клип тууралуу Гүлсүн Бостонкулова буларга токтолду.
"Мен мурда бул ырды башка ырчы менен аткарган болчумун. Анан кайра жаңылап ырдоону каалап, Жакут Сыдыковго сунуштасам макул болду. Клипти Алтын Сариев деген жигит тартса, сценарийи Жакут байкеге таандык. Тартуу иштери 3 күнгө созулуп, кыйынчылык деле жараткан жок. Болгону актёрлорду табуу бир аз оор болду. Ошондой эле монтаждоого көп убакыт кетти", - деди ырчы.
Ал эми Жакут Сыдыков клип тартуу учурунда абдан көп күлкүлүү учурлар болгонун айтып өттү.
"Тартуу иштери аябай шаңдуу жүрдү. Актёрлорго улам сайын "минтип аткаргыла" деп көрсөтүп, алардын аткарганы окшошпой, айтор бири-бирибизди шылдыңдап жатып эле убакыттын кантип өткөнүн байкабай калдык", - деди ал.
"Бассам, турсам" ырынын клибин көрүү үчүн шилтеме.