Ош шаарынын күнүнө карата "Ак таңдай-2017" акындар айтышы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн акындар айтышына Амантай Кутманалиев, Рахматулла Козукеев, Абдибали Акимбеков жана өлкөнүн жети облусунан келген жаш төкмө акындар катышты.
"Иш-чаранын жүрүшүндө акындар шаардын сыймыгы Сулайман-Тоо, Ак-Буура дарыясы туурасында төгүп, кылым карыткан Ош шаарын даңазалап ырдашты. Комуз менен акындардын төгүп ырдашы бүтүндөй коомчулукту ынтымакка үндөп, басып өткөн кыргыз тарыхын урматтоого чакырык болду. Айтыш соңунда шаар мэри Айтмамат Кадырбаев сыйлыктарды тапшырды. Жыйынтыгында Амантай Кутманалиев менен Кара-Кулжа районунан келген акын Жыпара Арзымаматова алдынкы орунга жетишти", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 4-5-октябрь күндөрү өтөрү айтылган.