Коомдо болуп жаткан үй-бүлөлүк мамиле маселелерин чагылдырган "Бунт" кинокомедиясы бүгүн, 5-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде жабык эшик артында көрсөтүлдү.
Жаңыдан кино дүйнөсүнө аралашып келе жаткан тасманын жаратуучуларына пикирлерин айтып, фильмге назар салуу үчүн режиссёрлор Сүйүн Откеев, Бакыт Осмонканов жана кино сүйүүчүлөр келишти.
Тасманын максаты - турмушта болуп жаткан үй-бүлөлүк маселелерди юмор аркылуу баяндоо болгон. Окуя бир үй-бүлөнүн айланасында жүрүп, анда өзүнүн мүнөзү, жашоо образы менен бири-биринен айырмаланган 3 бир туугандын жубайлары жана ата-энеси менен болгон мамилеси камтылган.
Тасманын жаратуучуларынын айтымында, комедияны тартуу иштери жай айларында орозо убагында башталган: "Тасманы тартуу идеясы продюсерге таандык, ал эми сценарийди "тамашоучу" "No Name" командасынын балдары жазышкан. Сценарийди окуганда эле башкы ролдорду ким жаратарын дароо элестеттик. Менин оюмча, биз көздөгөн максатыбызга жетип, көрүүчүгө коомдо жана үй-бүлөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү күлкү аркылуу жеткире алдык деп ойлойм", - дейт режиссёру Сапар Сайназаров.
Комедияда башкы ролдорду Максат Тасмаев, Гүлмира Турсунбаева, Айжамал Кабылова, Жакут Сыдыков, Мурат Жалиев аткарышкан.
Актёрлор фильмди тартуу учурундагы кызыктуу окуяларга токтоло кетишти. Айтымдарында, тасма тартылып жаткан үйдөгү ит тынымсыз үрө бергендиктен аны токтотуу үчүн ага улам-улам эт берип турушкан. Тартуу иштеринин аягында 1 ай эт жеген иттин бир топ эле багылып калганын байкашкан.
"Тасмага тартылып жаткан мезгилде өзүмдү голливуд жылдызындай элестеттим. Тартуу иштери мыкты деңгээлде өттү. Негизи өзүм тартылган тасмалардын бет ачар аземдерине катышпайм. Бирок бүгүн роль жараткан тасмамды биринчилерден болуп көрөйүн деп келдим", - деп билдирди актриса Гүлмира Турсунбаева.
"Бунт" тасмасы эртең, 6-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы бардык кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт.