Өлкөдө 2017-жылдын 9 айында өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 119 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Азамат Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.
Мамбетов бул көрсөткүч өткөн жылдын 12 айына салыштырмалуу 3 эсеге көп экенин, 2016-жылы өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 41 адам каза болгонун айтты.
"2017-жылдын 9 айында 11 адам кар көчкүдөн, 5 адам өрт кырсыктарынан, 34 адам жер көчкүдөн, 39 адам авиакырсыктан, ошондой эле 30 адам жол кырсыгынан улам каза болушкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жалпы 318 өзгөчө кырдаал катталып, 896 миллион 844 миң 800 сомдук материалдык зыян келтирилген. 2016-жылы жалпы 209 өзгөчө кырдаал катталып, 943 миллион 525 миң 800 сомдук материалдык чыгым алып келген.