ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: Бий өнөрү менен көптөгөн өлкөлөргө аты чыккан Атай Өмүрзаков 27 жашка толду

Бий өнөрү менен көптөгөн ийгиликтерди багындырып келе жаткан бийчи, "Тумар КР" бий тобунун жетекчиси Атай Өмүрзаков бүгүн, 5-октябрда 27 жашка чыкты.

Ал 1990-жылы кереметтүү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Бала чагынан бийге жакын өскөн Атай Өмүрзаков мектепти аяктап жаткан мезгилде "Баракелде" долбооруна катышып, 1-орунга ээ болгон. Өлкөдө көптөгөн ийгиликтерге жеткен соң "Украина таланттарга бай”, “Даңк мүнөтү” телесынактарына катышып байгелүү орундарга ээ болгон.

Мындан сырткары Словакиянын борбору Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагында чоң ийгилик жаратып, сынактын жеңүүчүсү аталып 100 миң евро акчалай сыйлыгы тапшырылган.

Өзү гана эмес, жетектеген "Тумар КР" тобу да азыркы күндө чет өлкөлөрдө өтүп жаткан бий сынактарына катышып алдынкы орундарды камсыздоодо.

5-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2017-10-05 23:21:04
Азамат Атай, жаштарга бизнес тренинг отсон жакшы болот эле. Копчулук жаштар оной жол менее байысам болот деп ойлошот. Мээнетсиз эч нерсеге жетпейсин да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан