Эки элдин достугун бекемдөөнү максат кылган Кыргыз өлкөсүндөгү Өзбек маданиятынын күндөрү бүгүн, 6-октябрда Бишкекте башталды.
Иш-чара "Октябрь" кинотеатрында өзбектердин "Ойкыз эртаги" деп аталган фантастикалык киносун көрсөтүү менен башталды.
Андан соң салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өзбек өнөрпоздору тартуулаган концерт менен уланды. Концертте Өзбекстандын эстрада жылдыздары Д.Бекмуродова, Ш.Озатова, А.Эргашева, Х.Каримова, Б.Мирзаева, Х.Юлдашева, Ш.Холмирзаева, Ю.Абдуллаева, Ф.Алимова, И.Аблакулова Э.Файзиева жана бийчилери өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Өз сөзүндө маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кыргыз-өзбек мамилелери азыркы тапта жаңы деңгээлге чыгып жаткандыгын белгиледи.
"Эки элдин достугу байыркы мезгилден башталып, азыркы убакка чейин сакталып келет. Бүгүнкү өтүп жаткан иш-чара да элдердин достугун дагы да болсо бекемдеп, жогорулатууга өбөлгө түзүүдө", - деп билдирди министр.
Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндөгү Өзбекстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Камил Рашидов бул иш-чаралар эки элдин ынтымагын бекемдөө үчүн уюштурулуп жаткандыгын айтып, мындан кийин эки өлкөнүн саясий гана эмес маданий алакасы да тыгыз байланышта болорун билдирди.
Мындан сырткары филармониянын залында "Өзбек өңү: мурун жана азыркы мезгил" аталыштагы көргөзмө уюштурулган. Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдө өзбек элинин өткөн турмушу жана азыркы күндөрү чагылдырылган.
Өзбек маданиятынын күндөрү 7-октябрда Ош шаарында уланат.