Дүйнөлүк шоу-бизнесте идеалдуу түгөйлөрдүн бири деп эсептелинген колумбиялык ырчы Шакира менен испаниялык футболчу Жерар Пике ажырашты. Чет элдик маалымат булактары мындан 1 ай мурун эле түгөйлөрдүн мамилеси жакшы эмес болуп жаткандыгын жазып жатышкан.
Көп өтпөй футболчу бул маалыматты жокко чыгарганы менен, алардын башка-башка жашап жаткандыгы белгилүү болгон. Балдары Шакира менен жашап жатканы жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, түгөйлөрдүн бири-биринен кол үзүүсүнө кызганыч себеп болгон. Шакира өзүнүн акыркы клибине ырчы Ники Жемди тарткан. Буга чейин Никиден ашыгын кызганып келген футболчу үчүн бул жаккан эмес. Жай айларында Пике сүйүктүүсүнө баш кошууну пландап жатканын интервьюларынын биринде айткан, бирок анын бул максаты ишке ашкан эмес, түгөйлөр 7 жылдан бери жарандык никеде жашашкан. Ырчы Барселонадан жаңы үй сатып алып, бир нече ай мурун ал жакка көчүп кеткен.
Шакира менен Жерар ырчынын "Waka Waka" аттуу ырына клип тартып жаткан учурда таанышкан. 1 жылдай сүйүү мамилесин жашырып жүргөн ашыктар кийин ачыкка чыгышкан. 2013-жылы түгөйлөр Милан аттуу уулдуу болушкан. 2 жыл өтүп 2-уулу Саша төрөлгөн.