
Америкалык ырчы Бруно Марс 32 жашка толду. Ал 1985-жылы 8-октябрда туулган, чыныгы аты - Питер Жин Эрнандес. Бала кезинде ошол кездеги рестлер (күрөштүн заманбап түрү) боюнча белгилүү болгон Бруно Саммартиного окшошуп кеткендиктен туугандары "кичинекей Бруно" деп чакырып калышкан. Ал эми Марс деген ысымды сахнага чыга баштаганда кошуп алган.

Бруно 3 жашында эле Элвис Преслинин 10дон ашык ырын жатка билген. Ал эми 4 жашында атасы жана апасынан турган үй-бүлөлүк топто Преслинин гана эмес, Майкл Жексондун да ырларын ырдап чыгып, 10 жашында гитарада, фортепианодо мыкты ойной алган.
Ал 2003-жылы мектепти аяктап, Лос-Анжелес шаарына ырчы болуу максатында сапар алган. Жазган ырларын ар кимге көрсөтүп жүрүп, 2004-жылы биринчи жолу "Motown Records" компаниясы менен келишим түзгөн. Бирок анда ырчылык менен эмес, ырчыларга ыр жазып берүү менен гана алектенген. Кийин "Atlantic Records" компаниясынын менеджери болуп иштеген Аорон Бэй-Шук менен таанышып, иштеше баштаган. Брунонун алгачкы "It's Better If You Don't Understand" аттуу альбому хит-параддарда алдынкы ондукту ээлеп, күйөрмандарынын саны арбып, 2010-жылы чыккан "Just the Way You Are" аталышындагы ыр жыйнагы да ийгиликтүү болгон. Ал эми ырчыны атактуу кылган "Grenade" хити ар бирибиздин эсибизде болсо керек.

Бруно Марс тууралуу фактылар:
- Ырчы көбүнчө баш кийим менен жүрүүнү жактырат;
- 19 жашында алгачкы ирет жүрөк формасындагы татуировка жасаткан, бирок апасына жаккан эмес. Мындан улам кийинки татуировкасына апасынын Бернадетт ысымын түшүргөн;
- Бою – 165 сантиметр болгондуктан 2009-жылы “Эң кичинекей жылдыз” наамына татыган.
- 2010-жылы кокаин менен полицияга кармалган. Ырчы баңгизатын алгачкы жолу колдонуп көрүүнү каалагандыгын айтып, жыйынтыгында 2 миң доллар айып пул төлөп, 200 сааттык коомдук иштерди жасоого мажбур болгон;
- Бруно Марстын жеке жашоосу тууралуу ар түрдүү кептер айтылып келет. Ушул кезге чейин аны бир канча сулуу кыздар менен кыз-жигит деген кептер чыккан, бирок ырчы үйлөнө турган бийкеч азырынча жолуга элек көрүнөт.
8-октябрдын жылнаамасы.