ЖЫЛНААМА, 8-ОКТЯБРЬ: "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев туулган күнүндө байкесинин жакшылыгында кызмат кылып жүргөнүн айтты

Бүгүн, 8-октябрда "Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү жана "Маданияттын мыкты кызматкери" Эрмек Нурбаевдин туулган күнү. Ал бүгүнкү күндү байкесинин жакшылыгында кызмат кылуу менен өткөрүп жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Туулган күнүм апамдын куттуктоосунан башталган. Ал уктап калбайын деп түнкү 12ни күтпөстөн эрте эле телефон чалып, жакшы сөздөрүн арнады. Мен да апакеме ыраазычылыгымды билдирип, көпкө кобураштык. Андан соң үй-бүлөм, жакындарым, чет өлкөдөгү досторумдун куттуктоолорун кабыл алдым. Ал эми бүгүн байкемдин баласынын тушоо тою. Азыр ошол жакта кызматта жүрөм. Менчик майрамымды белгилөөгө план деле жок. Балким, кечинде жакын досторум, тагыраагы жалаң гана эркектер чогулушубуз мүмкүн", - деди ал.

Эрмек Нурбаев 1985-жылы 8-октябрда Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүп Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач КВНдерге катышып, эл алдына чыгып жүрүп, телевидениеге 2005-жылы "Браво" долбоору аркылуу келген. Учурда үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Эрмек Нурбаевдин "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринен үзүндүлөр:

  • "Кыргызча КВН ачуу өзүнчө жаңычылдык эле. Мен "Тамашоу" долбоорун ачам дегенде ишенбегендер көп болгон. Бирок "Тамашоунун" тил редактору Арслан байке (ред. Ибрагимов) экөөбүз акыл-эсти жыйып, оюбузду чогултуп долбоорду баштадык. Баары оюбуздагыдай кетти. Көрсө, максатты туура коё билип эмгектенсең оюңдагыдай жыйынтыкка ээ болот экенсиң";
  • "Эсимде, 6 жашымда апам, байкем болуп жайында базарда гезит сатып иштешчү. "Мен да иштейм" десем, апам "уят, байкеңдин иштеп жатканы жетишет" деп болбой койгон. Атама даттанып, ыйлап жатып базарга гезит сатканы чыккам. Ошондо байкем менен апама караганда мен көбүрөөк гезит сатчумун. Ойлосом, анда эл мени аяганы үчүн гезитимди сатып алышчу экен да";
  • "2008-жылы АКШга кетсемби, кетпесемби деген тандоонун алдында турганда биринчи ата-энемди ойлогом. Мен үчүн 4-5 жыл аларды көрбөй АКШда жашоо кыйын болмок. Кудайга шүгүр, бул сыноону башымдан өткөргөн жокмун. Ата-энем менен баарлашууга такыр тойбойм. Алар менен өткөргөн ар бир мүнөтүм баалуу, барктуу. Аларга менин коомдогу ордум, жараткан ийгиликтеримден мурун амандыгым маанилүү. Ата-энемдин бактылуу карылыгы менин көз алдымда өтсө дейм".

8-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nemo2016
2017-10-08 15:13:52
Куттуктайм эрмек байке
+6
bereshen.girl
2017-10-08 18:33:09
Туулган кунунуз менен!Уй-булолук бакыт каалайм.Бизге да сиздей жигиттер буюрсун кудайым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан