ЖЫЛНААМА, 9-ОКТЯБРЬ: Тасмалардын санына эмес, сапатына маани берген британиялык режиссёр Стив Маккуин 48 жашка толду

Британиялык кинорежиссёр, сценарий жазуучу жана сүрөтчү Стив Маккуин 1969-жылы 9-октябрда жарык дүйнөгө келген. Ал тасмалардын санына эмес, сапатына көбүрөөк маани берген режиссёр. Тактап айтканда, анын режиссёрлук кылган кинолорунун жалпы саны - 10. Алардын ичинен 7 фильм кыска метраждуу болсо, "Ачкачылык", "Уят", "12 жылдык кулчулук" тасмалары толук метраждуу.

Маккуин мектепте окуп жүргөн кезинде футболго кызыкчу. Окууну аяктаган соң искусствого болгон кызыгуусу күч алган. Студент кезинен тарта кыска метраждуу тасмаларды тартып, 1998-жылы "Барабан" кыска мүнөттүк фильми жарыкка чыккан. Бир жылдан соң эмгеги бааланып, Тернердин сыйлыгына (1984-жылдан тарта Британиядагы сүрөтчүлөргө ыйгарылган сыйлык) татып, акчалай белекке ээ болгон. Режиссёр ал каражатын кызына арнай тургандыгын айткан.

"Менин кызым 1,5 жашта. Бул акчага ага арнап бакчасы менен үй сатып алам, азыркы үйүбүздө бакча жок", - деген ал.

Ал эми 2008-жылы толук метраждуу "Ачкачылык" тасмасын тарткан. Фильм бир канча сыйлыктарга көрсөтүлүп, өзү мыкты режиссёрдук дебют наамы менен Канн фестивалынын "Алтын камера" сыйлыгына ээ болгон. Андан соң "Уят", "12 жылдык кулчулук" кинолору элге тартууланып, жетиштүү деңгээлде популярдуу болуп, "Оскар" баш болгон бир канча сыйлыктарга татыган.

Учурда жубайы Бьянка Стигтер жана 1 кыз, 1 уулу менен Амстердамда жашап, "Жесир" деген аталыштагы фильмди тартуу менен алек.

9-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан