Аюу, жолборс сыяктуу жырткыч жаныбарлардын жанына барган мындай турсун, алыстан көргөндө эле коркконуңдан жүрөгүң зырп дей түшөт эмеспи. Ал эми орусиялык фотограф Катерина Плотникованын назик кыздар менен түрдүү жаныбарларды бирге тарткан эмгектеринде жаныбарлардын мээримдүүлүгү, сулуулугу гана чагылдырылган. Фотограф бугу, аюу менен кучакташып турган кызды же түлкүнү көтөрүп, жыланды моюнуна ороп алган моделдерди тартуу үчүн айбандарды үйрөтүүчү адис менен иштешкен.