Мындан 5 жыл мурун, тагыраагы, 2012-жылы 9-октябрда советтик жана орусиялык актриса, Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти Марина Голуб каза болгон. Ал 1957-жылы 8-декабрда төрөлүп, 55 жаш курагында автокырсыктын кесепетинен дүйнө салган.
Ал 80ден ашуун фильм жана сериалдарга тартылып, жетиштүү деңгээлде атак-даңк топтой алган. Алардын ичинен өзгөчө популярдуу болгондору "5 колукту", "Апалар", "Вера үчүн айдоочу" жана башкалар. Ошондой эле актрисалыктан сырткары телевидениеде алып баруучулук кызматты аркалагандыгын айтпай коюуга мүмкүн эмес. Ал көбүнчө таңкы берүүлөрдү алып барып жүрүп, кийин "Кыздар" деген аталыштагы маалымат-маанайшат телекөрсөтүүсүн эфирге алып чыккан.
Актриса 3 жолу турмушка чыгып, биринчи жолдошунан 1 кыздуу болгон. Орус маалымат булактарына таянсак, соңку ирет турмушка чыккан өзүнөн 15 жашка кичүү жолдошу, актёр Анатолий Белыйды чындап сүйгөн. Бирок Голуб наристе күтүүнү каалабай, карьерасын алгачкы орунга койгондуктан экөө ажырашууга мажбур болушкан. Жыйынтыгында 15 жыл бирге түтүн булаткан үй-бүлө урап, Белый башка аял менен мамиле куруп кеткен. Ал эми актрисанын сүйүүсү күчтүү болгондуктан ажырашууну аябай оор кабыл алып, көп убакытка чейин жалгыздыктын азабын чегип жүргөндүгү айтылып келет.
9-октябрдын жылнаамасы.