Кочкор-Ата менен Майлуу-Суу Сооронбай Жээнбековду колдойт!



Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков кечээ, 8-октябрда үгүт кампаниясынын алкагында Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын тургундары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларды өлкөнү өнүктүрүү туурасында жөнөкөй жана реалдуу тезистер тизмектелген өзүнүн «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» аттуу программасы менен тааныштырды.

Талапкер элге адилет бийлик керек экендигин белгиледи. Айылдарга ооруканалар, мектептер, жолдор, электр жарыгы керек экендигин айтты. Президент болуп калса, мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка бюджет тармагында иштегендердин айлыгын көтөрүү маселесин чече тургандыгын жана буга жетишүүнүн жолдорун биле тургандыгын белгиледи. Чакан жана орто бизнес колдоого алынып, өнөр жайды өнүктүрүү, турак жайга муктаж болгондорго келечекте 6 пайыздык үстөк менен ипотекалык насыя берүү эң маанилүү багыттардын бири болуп калмакчы.

«Коррупцияга каршы күрөшүү – менин негизги милдетим. Биз өз чөнтөгүн мамлекеттин казынасы менен алмаштырып алгандарды мыйзам алкагында катуу жазалайбыз. Укук коргоо органдары менен мамлекеттик кызматкерлердин алдына коррупция менен күрөшүү боюнча катуу талаптарды коёбуз. Мен 1995-жылдан бери саясаттамын. Ушул мезгил ичинде ким жеке кызыкчылыгы үчүн, байлык топтоо максатында иштеп, ким элдин, мамлекеттин кызычылыгын көздөп келгендигин жакшы билем. Коррупцияга каршы күрөш аёосуз мүнөздө болот, анткени ал өлкөнүн келечегине олуттуу коркунуч жаратат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал карапайым эле элдин арасынан чыккан инсан экендигин белгиледи. «Менин тажрыйбам, билимим жана саясий эрким адилет президент болуп, өлкөнү өргө тартканга жетиштүү», - деди талапкер Жээнбеков.

Ошондой эле ал Кочкор-Ата менен Майлуу-Суу шаарларынын тургундарын жылуу кабыл алгандыгы жана анын талапкерлигин кызуу колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Ата-Журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев, мурунку ички иштер министри генерал Молдомуса Конгантиев, жергиликтүү тургундар, жаштар, аксакалдар катышты. Майлуу-Суу шаарында талапкер менен жолугушууга 5 миңден ашуун, ал эми Кочкор-Ата шаарында – 7 миңден ашуун шайлоочу катышты.

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 09.10.2017-ж.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан