Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Керим Турапов 58 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, учурда жумушуна байланыштуу Ош облусунда жүргөнүн айтты.
"Туулган күнүм менен эң биринчи болуп келинчегим, балдарым куттукташты. Азыр телефонума келген куттуктоолорго жооп берип отурам. Туулган күнгө жаш кезимде маани берчү элем. Азыр белгилебейм деле", - деди ал.
Белгилей кетсек, Керим Турапов 1959-жылы 10-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Оштогу музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүн, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал студент кезинде эле Асанкан Жумакматов башкарган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиосунун симфониялык оркестринин коллективине чакырылган. Анын ырчылык эмгек жолу элдик ырларды аткаруу менен башталган. Уккулуктуу, кенен диапазондуу лирикалык тенор үнү менен кийин дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды аткарган. Кыргыз классикалык музыкасын кайрадан калыбына келтирүүдө көп эмгек жумшаган. Ошондой эле дүйнөлүк классикалык опералардын эң мыкты партияларын жогорку деңгээлде аткарууга жетишкен. Керим Турапов Кыргызстан Ленин комсомолу, Эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктардын ээси; ал эми 1991-жылы ага "КРнын Эмгек сиңирген артисти", 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наамдар берилген.
Ырчы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде коомдук ишмер, саясатчы Бекмамат Осмонов анын "Туулган жер" аттуу ырын угуп жатып таасирленип, бакырып ыйлаганын айткан. Керим Турапов 1 уул, 1 кыздын атасы. Ырчынын айтымында, жубайы өзүнө караганда сабаттуу, 9 жылдык музыкалык билими бар. Бирок "Сен ырда, мен балдарды тарбиялап үйдө отурайын" деп ага жол бошоткон.
10-октябрдын жылнаамасы.