Бүгүн, 10-октябрда ырчы Айгерим Расул кызы 26 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыгып, туулган күнү кандай өтүп жатканын билди.
"Туулган күнүм түндө эле башталган. Жакындарым эшиктен батирибизге чейин шарлар, таттуулар менен кооздоп, саат түнкү 12 болгондо аккордеон менен ырдап, айтор аябай жакшы маанай тартуулашты. Азыр Оштомун да, бул жакта аба ырайы да бүгүн өзгөчө. Азыр кечкиге даярданып жүрөм, туулган күнүмдү кечинде жакын адамдарым менен белгилейм. Ошондой эле 3 тойго ырдап берүүгө буюртма алгам, ал жактарга да жетишүүм керек", - деди ырчы.
Айгерим Расул кызы 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. 3 жашынан баштап атасы Расул Маматкулов менен бирге чоң сахнага бийлеп чыга баштап, кийин жеке ырчы катары "Түнкү Бишкек" аттуу ыры менен элге таанылган. Учурда үй-бүлөлүү, 1 кыздын апасы.
10-октябрдын жылнаамасы.