Кечээ, 9-октябрда Казакстандын белгилүү жылдызы Кайрат Нуртас баш каарман катары тартылган "Тилек... Периштелер уктап жатканда" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Ага ырчы алгачкы ирет жубайы Жылдыз Абдукаримованын коштоосунда келип, журналисттердин көңүл чордонунда болгонун казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Абдукаримова биринчи жолу эл алдына чыккандыктан ага кабарчылар тарабынан түрдүү суроолор берилген. Алардын ичинен эң актуалдуусу "Нуртастын 10 жылдан бери сени коомчулуктан жашырып жүргөнүн кандай кабыл алчусуң?" - деген суроо болгон.
"Чынын айтсам, ушул суроону жактырбайм. Бирок жооп берейин. Ар бир адамдын өзүнүн жеке жашоосу, жеке ааламы, көз карашы болот. Аны бирөө менен бөлүшүүгө милдеттүү эмес. Мен Кайратка турмушка чыкканда "ырчы болом же элге көрүнөм" деп тийген эмесмин. Менин негизги максатым анын үй-бүлөсүнө татыктуу келин болуп, урпагын улоо эле. Кудай ошол тилегимди орундатты", - деген ал.
Ошондой эле ал жогоруда аталган фильмде жолдошу менен бирге роль жаратканын, бирок тасманын Кайрат Нуртастын жашоосуна эч кандай тиешеси жок экенин айткан.
Эске салсак, Кайрат Нуртас жакында эле телеканалдардын бирине берген маеги учурунда үйлөнгөнүнө 10 жыл болгонун айткан.