Ушул аптанын жума күнү, 13-октябрда Жер бетинде магниттик бороон орун алат. Бул тууралуу чет өлкөлүк аба ырайы борборлорунун бири маалымдаганын чет элдик басылмалар жазды.
"Жакынкы арада Жер бетине магниттик бороонго мүнөздүү Күн шамалынын агымынын бир бөлүгү урат. Магниттик бороондун болушу 13-14-октябрда күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Аба ырайын изилдөөчү борбор кабарлагандай, магниттик бороон электр түзүлүштөрүнүн бузулуусуна жана жай иштешине алып келиши ыктымал. Ошондой эле техногендик кыйроолордун орун алышы көбөйөт. Мындан тышкары магниттик бороон адамдардын ден соолугуна дагы кескин таасир берери айтылды.
Бул күндөрү жүрөк кан-тамыр оорулары менен жабыркагандар өзгөчө сак болуп, дарыгерлерден алдын ала кеңеш алып коюулары шарт. Дегеле магниттик бороон адамдардын ден соолугуна терс таасирин берет. Өзүн-өзү жаман сезүү, баш ооруу, шакый, жүрөктүн согушунун тездеши, уйкусуздук, кан басымдын төмөндөшү сыяктуу ден соолуктагы туруксуздуктар дал ушул магниттик бороон учурунда күч алат. Ден соолук сакчылары мындай абалдын жаралышы магниттик бороон учурунда адамдын майда кан тамырларындагы кандын жүрүшү жайлап, ткандарда кычкылтектин жетишсиздиги пайда болот дешет.