Арзуу ырларынын автору Арзыбек Бедияров Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылында 1952-жылы 11-октябрда төрөлгөн. Эң алгач эл алдына 7-класс кезинде чыккан. Ошондогу толкундоо сезими, элдин сүрүнөн коркуп аккордеондун баскычтарын калтыраган манжалары менен араң басканын ырчы азыркыга чейин эскерет. Ошондон тартып ырчыларга кошулуп эл аралап, өнөрүн тартуулай баштайт.
Кичинекей кезинде көп ооругандыктан ал дарыгер болууну кыялданган, мындан улам медициналык окуу жайына тапшырып аны ийгиликтүү аяктап, өз кесибин аркалап иштеп калат. Бирок көкүрөгүн уялаган талант ага тынчтык бербей, жан дүйнөсүнө обондун кайрыктары келе берет. Күндөрдүн биринде ошол обонго ылайыктуу ыр сөздөрү табылат. Ошентип эң алгачкы "Кара жан" аттуу чыгармасы жарык көрөт.
Арзыбек Бедияровдун чыгармалары көптөгөн аткаруучуларды атактуулукка жеткирген. Ырчыны обончу катары Канымжан Жаманбаеванын аткаруусундагы "Түшүмө кирдиң түндө сен" аттуу чыгармасы калың элге тааныткан. Мындан сырткары "Келем сага", "Күлгүн жаш", "Түшүмө сени кирсе дейм", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө", "Ойлодуң бекен мени сен" жана башка көптөгөн чыгармаларды жараткан. Чыгармачылыгына бурулуш жасаган мезгил кытайлык кыргыз кызы Арзыгүл Турган кызы менен болгон чыгармачылык байланыш болгон.
Ырчы, обончуну куттуктап коюу максатында байланышканыбызда: "Өздүк майрамымды бир туугандарымдын, үй-бүлөмдүн курчоосунда майрамдайм. Бул майрамга өтө көп деле маани бербейм. Болгону балдарым, неберелерим эстетип куттуктап турушат. Билинбей эле 65 жаштын кырына чыктык. Мага жасагандан да, жасай элек иштерим көптөй сезилет", - деди ырчы.
Ырчы 1999-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Эл артисти наамдарына ээ болгон.
11-октябрга карата жылнаама.