Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театры 1926-жылы 11-октябрда ачылган. Театр Кыргыз обкомунун токтомуна ылайык ишке киргизилип, анын алгачкы негиздөөчүсү жана чыгармачылык чыйыр салган адам катары студиянын ошол убактагы көркөм жетекчиси Николай Николаевич Еленин эсептелинет. Студияда эң алгачкылардан болуп Анвар Куттубаева, Имаш Эшимбеков жана башка көптөгөн кыргыз маданиятына зор салым кошкон инсандар билим алып, чыгармачылык өнөрүн арттырышкан.
Студия ачылгандан тарта чыгармачыл топ Елениндин жетекчилиги менен "Молдо Насирдин" спектаклин сахнага камдай баштаган. Кийин театрга драматург, жазуучу, коомдук ишмер Токтоболот Абдумомуновдун ысымы ыйгарылган.
Азыркы тапта театрдын коомго маданий азык берүүдө орду эбегейсиз. Учурда театрды актёр жана режиссёр Назым Меңдебаиров жетектейт. Театралдык сезон сайын өзүнүн көрүүчүлөрүнө уламдан жаңы спектаклдерди тартуулаган чыгармачыл топ чет элдик ар кандай кароо-сынактарда байгелүү орундарды ээлеп келет.
11-октябрга карата жылнаама.