Чаткал районунун Курулуш айылында дарыяга түшүп кеткен тургун 4 айдан бери табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 4-июлда Чаткал дарыясына түшүп кеткен кен казуу ишканасынын котормочусу 1980-жылы туулган Я.Юбуровду издөө иштерин кайрадан жүргүзүп баштады. Издөө иштерине 11-октябрда ӨКМнын №81-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгып, бирок изделип жаткан адам табылган эмес.
Эске салсак, 4-июль күнү алтын кен казган “Концлер Аурум” ишканасынын котормочусу сууга агып кетти делип изделип жаткан.