Кыргыз эл артисти Темирлан Сманбеков Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кол койгондугун бүгүн, 12-октябрда аталган министрликтин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык музыкалык драма театрынын директорлугуна Темирлан Сманбеков 9-октябрда жетекчи болуп дайындалган.
Сманбеков менен байланышканыбызда, буга чейин аталган театрдын абалы, жамааты менен таанышкандыгын айтып, алгачкы жумушту театрдын 80 жылдыгын өткөрүү боюнча даярдык көрүү менен баштагандыгын кошумчалады.
"Мен Нарынга келип абалды көрүп, таанышып чыктым. Буга чейин жамаатта өз ара пикир келишпестиктер, ар кандай кеп-сөздөр тараган. Мындай абал театрдагы жумуштун аздыгынан чыгат. Муну өз тажрыйбамдан билем. Мындан улам артисттер иш менен алек болуусу үчүн дароо 2 спектаклге даярдыкты баштадык. Мындан тышкары театрдын 80 жылдыгын өткөрүү үчүн даярдыктарды көрүүгө Бишкекке келип, борбор калаадагы режиссёрлор менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам", - дейт ал.
Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Темирлан Сманбеков мурда жетектеген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынан кызматтан кеткен. Көп өтпөй театрдын андан мурунку жетекчиси Марат Алышпаев Темирлан Сманбековду "акча жеди" деп айыптап, анын үстүнөн тиешелүү органдарга кайрылуу жолдогон.
"Күч органдары бардык фактылар боюнча текшерүү жүргүзүп келди. Бирок эч кандай илинчек таба албай койду көрүнөт, азыр тынчып калды. Эгер мен акчаны максатсыз пайдалансам бул далилденмек", - деп кошумчалады Сманбеков.