Кыргыз өлкөсүндөгү бардык облустардын жашоочуларын ынтымакка чакырып, биримдикке үндөгөн "Салам, Ош" тасмасынын бет ачары бүгүн, 12-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде болуп өттү.
"Салам, Бишкек" тасмасынын үчүнчү бөлүгү болгон комедия жанрындагы фильмге күбө болуу үчүн көптөгөн көрөрмандар келишкен. Тасманын жаратуучуларынын бири Нурбакыт Раззаковдун айтымында, бул кинокомедия эки аял алам деген мырзалардын да абалын чагылдырууга багытталган.
"Алгач драма жанрындагы тасма жараталы деп ойлогонбуз, бирок жакшылап ойлонуп комедия тартууну чечтик. Бул комедия элди ынтымакка чакыргандан тышкары 45-50 жашка чыгып, бул куракты каатчылык катары көрүп, экинчи аял алам деп жаткан мырзалардын абалын чагылдырат",- деп билдирди тасманын продюсери жана композитору Раззаков.
Тасмада роль жараткандардын 90 пайызы профессионал актёрлор, алар атайын сынактан тандалып алынган. Башкы каармандын ролун жараткан Канат Мамырканов комедия тууралуу буларга токтолду: "Тасма өзүмө абдан жакты, берилген ролду канчалык деңгээлде ачып бере алдым, аны көрүүчүлөр сындап, таразалап алат".
Комедиянын тартуу иштерине 4 айдай убакыт коротулуп, топтоштуруу иштери менен 1 жыл ичинде даяр болгон. Тасманын өзөгүн Нарындан Ошко экинчи аял алуу үчүн барган Улакчы аттуу адамдын окуясы түзөт. Ош жергесине барган Улакчы түштүктүк сулуунун тузагына илинип, ага алданып көчөдө калып, анын айланасында көптөгөн кызыктар коштолот.
"Фильмде Оштун элинин меймандостугу, кең пейилдиги да чагылдырылды. Алдыда масштабдуу, Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарын камтыган "Салам, Кыргызстан" тасмасын тартууну максат кылып жатабыз. Бул тасманы тартуу учурунда эң кыйыны - лөлү тектүүлөрдүн айылын куруу болду, бул чыгармачылыкты жана каражатты талап кылды", - деп билдирди комедиянын режиссёру Тынчтыкбек Бугучиев.
Тасма шаардагы бардык кинотеатрларда бүгүн, 12-октябрдан баштап көрсөтүлө баштайт.