Чет элден келип Кыргыз өлкөсүндө жылдызы жангандар
Чет элге барып кыргыз желегин желбиретип, ийгиликке жетишкен мекендештерибиз көп экени баарыбызга маалым. Ошону менен бирге эле Кыргыз өлкөсүнө келип жылдызы жангандар да четтен чыгат. Алардын арасында акын, манасчы, ырчы, спортчу дегеле бардык тармактардын өкүлдөрү бар.
Таланты, билими, аракети, ой жүгүртүүсү менен аз убакыт аралыгында элге таанылгандардын бири - залкар манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Жусуп Мамай - толук аты-жөнү Тургунаалы Турсунаалы Жусуп Мамай теги. Ал "Манас" эпосун жайылтуу, "Манас" эпосунан үзүндү айтуу менен гана чектелбестен кыргыздын улуттук бийин өнүктүрүү менен да алек. Ата-бабаларынын мекени болгон Кыргыз өлкөсүнө Тургунаалы 2011-жылы Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынан келген. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнөн билим алып, көптөгөн иш-чараларга, коомдук иштерге активдүү катышып, кыргыздын улуттук бийинин жайылышынын үстүндө иштеп келет.
Эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы менен дуэт ырдап, клип тартканга жетишкен кубалык ырчы Хосе Аграмонте. Ал өлкөдө өткөн тойлордо кыргыз ырчылары менен тең тайлаша обон созуп жүргөн кези. Көптөгөн ырчыларды коштоп ырдап, популярдуулукка жетише баштаган ырчынын жылдызы Кыргыз өлкөсүндө да жанды көрүнөт.
Билим алууну көздөп келген кытайлык кыргыз, төкмө акын Мамбетокто Мамбеторозо уулу. Кыргыз жергесине 2015-жылы келген. Азыркы тапта Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде билим алат. Ата-тегинде төкмөлүк өнөр жок болгонуна карабастан бала кезинен тартып куюлуштура сүйлөп, 18 жашынан тарта эл алдында талантын көрсөтүп жүрөт. Ал Кыргыз өлкөсүндө көптөгөн айтыштарга катышып байгелүү орундарга жетишкен. Акын окуусун аяктаган соң кайрадан Кытайга кайтарын билдирген.
Өлкөбүздүн намысын коргогон футболчу, кыргыздын күйөө баласы Даниэл Тэго Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү. Кыргыз жарандыгын алган 31 жаштагы коргоочу, 2008-жылы "Дордой" футболдук клубуна коргоочу болуп келген. 2015-жылы 2 жыл сүйлөшкөн кыргыз кызы Элнура Орозбаевага баш кошкон, азыркы тапта бир кыздын атасы.
Ырларды кыргыз, орус, англис тилинде аткарган ырчы Юлия Руцкая Беларустун Витебск шаарында жарык дүйнөгө келген. Ырчынын атасы Сергей Борисович министр болуп эмгектенип, кийин Беларустун Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Юлия 5 жашка чыккан мезгилде атасынын жумушуна байланыштуу Бишкекке көчүп келишип ошол бойдон жашап калышкан. Ырчы Кыргыз өлкөсүнүн намысын көптөгөн чет элдик сынактарда коргоп, ийгиликтерге жетишкен.