Жыл сайын туулган күнүндө жолдошунан өзгөчө белектерди алган белгилүү ырчы айым Кенже Дүйшеева бүгүн, 12-октябрда 43 жашка толду. Көптөгөн музыка сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы балдардан турган "Жебе" тобун да түзүп, жетектеп келе жатат.
Кенже Дүйшееваны куттуктап чалганыбызда ырчы ыраазычылыгын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди: "Бүгүн таң эрте башталган куттуктоолор азыркыга чейин токтой элек. Күйөрмандарымдан, жакындарымдан алган белектерге кубанып турган чагым. Бул майрамды үй-бүлөм, досторум менен белгилейм. Жолдошум белектерге абдан кылдат мамиле кылат. Жыл сайын ар кандай зер буюмдарын жана мен жакшы көргөн гүлдөрдү белек кылса, бүгүн таң эрте мен жактырган фирманын атырын белек кылып, кубандырды", - деп билдирди ырчы.
Мындан сырткары азыркы тапта жолдошу шаардагы ресторандардын биринде даярданып, күтүп тургандыгын белгиледи.
"Көптөгөн чыгармалардын үстүндө иштеп жатам, жакынкы арада жаңы клибим жарык көрөт. Бул чыгармаларды эл кандай кабыл алып, кандай баалайт билбейм. Алдыда дагы да болсо чыгармачылыгымдын үстүндө иштеп, алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга белсенип турам", - дейт ал.
Кенже Дүйшеева Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1992-жылы мектепти аяктап, 1994-жылы Оштогу педагогикалык окуу жайдын мектепке чейинки балдарга тарбия берүү бөлүмүн жана ОшМУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Кичинекей чагынан баштап райондук, облустук сынактарга катышып, чоң сахнага чыга баштаган. Ал эми 1994-2010-жылдары "Кыз-Бурак" тобунда ырдаган. 2010-жылдан баштап жеке ырчы жана "Жебе" тобунун жетекчиси.
Репертуарында: "Аялзат", "Жалгызым", "Балалык" жана башка көптөгөн ырлар бар. Кенже Дүйшеева 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2009-жылы "Супер ырчы айым" деп табылган.
12-октябрга карата жылнаама.