ЖЫЛНААМА, 13-ОКТЯБРЬ: "Нарындан жазган салам кат" өңдүү бир катар обондуу ырлардын автору, төкмө акын Ашыраалы Айталиев 9 жыл мурун көз жумган

«Нарындан жазган салам кат» ырын укпаган, анын кайрыктарын ырдабаган кыргыз аз. Дал ушул ырды калың элге сиңирген, ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевдин арабыздан кеткенине быйыл 9 жылдын жүзү болду. Өзүнүн көзү өткөнү менен көөдөнүнөн чыккан ырлары анын ысымын кыргызга түбөлүк эстетип турат.

Кыргыз элине гана эмес боордош казак элине да кеңири таанылган ак таңдай акын 1927-жылы 8-мартта Кант районундагы Жедигер айылында туулган. Акындын ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн чагынан эле башталат. Залкар акындардан таалим-тарбия алган Ашыраалы Айталиев кыргыздын төкмөлүк өнөрүнүн келечегине кам көрүп, жаш төкмө акындарды, манасчыларды тарбиялоого жан үрөгөн. Төкмөлүк таланты бар жаш акындарды тарбиялаган "Айтыш" мектеби түзүлүп, Ашыраалы Айталиев өңдүү залкарлардан таалим алган төкмөлөрдүн жаңы мууну кыргыздагы ыйык өнөрдү улап келе жатат.

Шакирттерин көрүп: "Төкмөлүктү улантчу акындардан уучубуз куру эмес экен, буюрса, бул акындар төкмөлүктүн улуу көчүн улай тургандар", - деп айтканы бар акындын.

Обончу, ырчы, дастанчы, төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Ашыраалы Айталиев 81 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Ашыраалы Айталиев төкмөлүк менен биргеликте ырчылыкты, дастанчылыкты да өнүктүрүп келген. Улуу таланттын “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюңда кимдин гүлүсүң?” жана башка обондуу ырлары элдин сүйүктүү кайрыктарына айланган.

13-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан