Голливуддун 79 жаштагы актрисасы Жейн Фонда "Town & Country" журналынын ноябрь айы үчүн чыгарылышынын башкы бетине чыкты. Журналдын башкы бетине актрисалардын сүрөттөрүнүн жарыяланышы демейдеги эле көрүнүш деңизчи, бирок 80 жаштын кырына келген аялдын сүрөтү журналдын башкы бетине фото-шоп менен оңдолбостон, тартылган таризде чыгарылганы көпчүлүктү таң калтырган.
Жейн Фонданын курагынын жарымын да жашай элек жаш актрисалар батына албаган мындай кадам көпчүлүктүн алкышына алынганын чет элдик маалымат булактары жазууда. Актрисанын журналга жарыяланган сүрөтү анын сулуулугун фото-шопсуз эле ачып көрсөткөн.
"Мен - идеалдуумун. Мындайлар жок. Эң негизгиси адамдын бардык жактан төп келип тургандыгы. Өмүрүмдө көп эле жолу менде 2 адам жашагандай сезимдер болот. Анын бири баары көрүп жүргөн эле мен, дагы бирөө менин ичимде жашаган адам, ага мен идеалдуу эмес болууга укук бергем", - деп айткан ал интервьюларынын биринде.
Эксперттер аталган журналдын бул чыгарылышы башка номерлерине караганда бир топ популярдуу боло тургандыгын айтышкан. Анткени сүрөтүн фото-шоп менен оңдоодон өткөрбөй коомчулукка жарыялоого дээрлик бардык актрисалар макул болбойт.
Жейн Фонда - америкалык актриса, модель, жазуучу, продюсер жана коомдук активист. "Оскар" сыйлыгынын 2 жолку ээси.