"Атанын керээзи" тасмасынын авторлору "Азия Оскары" сыйлыгына татыктуу деп табылды

"Атанын керээзи" тасмасынын сценаристтери Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу Азия-Тынч океан (Asia Pacific Screen Awards, APSA) киноакадемиясынын "Мыкты киносценарист" сыйлыгына татыктуу деп табылды. Бул тууралуу сценарист Жапар уулу бүгүн, 13-октябрда билдирди.

"Бул номинация Кыргыз кинематографиясынын аталган киноакадемиядагы эң чоң жетишкендиги болуп саналат. Азия-Тынч океан киноакадемиясын дүйнөлүк киноиндустрияда "Азия Оскары" деп да аташат. Киноакадемиянын сыйлануучулары катары мен Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул анын академиктеринин мүчөсү болдук", - деп маалымдайт ал.

Анда белгиленгендей, сыйлык тапшыруу аземи 23-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zahira
2017-10-13 17:17:46
Сыйлыгыныздар куттуу болсун. Кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бериниздер , дагы да жакшы чыгармаларды жарата бериниздер.
+3
grace
2017-10-13 17:31:35
Куттуктайбыз, азаматтар!
+2
molorbaev
2017-10-13 23:44:35
Азаматтар! "Аталар керээзи" тартылгандан бери эле тынбай сыйлыктарды алып келуудо. Бирде кинону коруп буткон сон, Бакыт Мукул агабыз айтты эле, "президент коруп жакшы баасын берди, менде жакшы сценарий бар, олко башчы ошону каржыламай болду" деп. Ийгилик. Кийинки долбоорунар да ийгиликтуу боло берсин.
0
nelya88
2017-10-14 11:23:08
Кут болсун! Ушул сыяктуу мыкты фильмдер көп тартылса экен. Женил -желпи, эптеп-септеген, саны бар сапаты жок кинолорго тыюу салса болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан