"Туңгуч" театрынын актёрлору ойногон "Илегилек" спектакли Лондондо "Алтын жоогазын" сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жазуучу, драматург Султан Раевдин чыгармасынын негизиндеги "Илегилек" спектакли Лондон шаарында өтүп жаткан "Ачык Борбор Азия" аттуу II эл аралык искусство фестивалына катышкан. Фестиваль кечээ, 13-октябрда аяктады.
Аталган чыгарма Лондондун театр сүйүүчүлөрүнө чоң таасир калтырып, актёрлордун өнөрү көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Аталган спектакль Кыргыз өлкөсүндө да жакшы кабыл алынып, көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.
"Илегилек" спектаклинде башкы ролдорду Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова, жаш таланттар Таазим Үметалиев, Имаш Алыкул аткарышкан. Спектаклдин сценографы Бакыт Тилекматов, музыканты Эркин Майрамбеков, режиссёру Султан Раев.
Ошондой эле актриса Жамал Сейдакматова дүйнөлүк театрга кошкон салымы үчүн "Алтын статуэтка" менен сыйланды.