Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры бүгүн,14-октябрда күзгү сезонун "Айчүрөк" операсы менен ачат. Бул тууралуу театрдан кабарлашты.
Маалым болгондой, жаңы сезондун ачылышы менен Болот Миңжылкыев атындагы III эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Иш-чарага Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Орусиядан келген опера искусствосунун чеберлери катышат. Быйыл аталган театрдын ачылганына 75 жыл толду. Мааракеге арналган театралдык сезон “Айчүрөк” операсы менен башталып 22-октябрга чейин уланат.
16-октябрь күнү А.Бородиндин “Князь Игорь” операсын Мариинск театрынын солисттери ырдашат. 18-октябрда Жузеппе Вердин “Травиата” спектаклин Казакстандан келген артисттер аткарса, 20-октябрда Жузеппе Вердин “Аида” спектаклин Ташкенттен келген дирижёр менен Санкт-Петербургдан келген солисттер коюшат. Фестиваль 22-октябрда жабылып, театрдын 75 жылдык мааракесине арналган чоң гала-концерт өтөт.
Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры 1937-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп уюшулган. Опера спектаклдери кыргыз жана орус тилдеринде коюлган. 1942-жылы ал Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры болуп түзүлгөн.