28-майда Бишкектеги №4-шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну, 30 жаштагы Айзада А. келип түшкөн. Жабырлануучу көкүрөк тушуна сайылган бычактан оор жаракат алган. Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ленин РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Алтынай А. аттуу айымды кармашты. Бул айымдын Бишкекте убактылуу жашап жаткандыгы жана Орусиянын жараны экендиги аныкталды. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, окуянын келип чыгышы тууралуу тергөө амалдары жүрүп жатат.