“Кыргыз өлкөсүндө шайлоо тилкелеринде иштегендер өздөрүнүн милдеттерин жана укуктарын жакшы билет экен”, - деп бүгүн, 15-октябрда журналисттерге Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Румен Цачев билдирди. Анын айтымында, шайлоо тилкесиндеги комиссия ишти жакшы жүргүзүп жатат.
Болгариядан келген эл аралык байкоочу Александр Алексеев шайлоо тилкелеринде шайлоочуларга добуш берүүгө жакшы шарт түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле ал шайлоо таза, ачык-айкын өтүп жатканын кошумчалады.