Кытайдын Санья шаарында 20-октябрда баштала турган "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан Бегимай Карыбекованын өзүн тааныштырган видеосу социалдык тармактарда талкуу жаратууда.
20-октябрдан 19-ноябрга чейин Санья шаарында өтүүчү "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 19 жаштагы Бегимай Карыбекова катышып жатат. Ал сынакка катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында жеңүүчү аталгандан кийин алган. Бегимайдын өзүн тааныштырган видеосун Кыргыз өлкөсүнүн интернет колдонуучулары кызуу талкуулап жаткан мезгили. Айрымдары Бегимайдын англис тилинде окуган текстин сынга алып, сулуу бийкеч бул тилди дагы үйрөнүш керек деген пикирлерин билдиришкен.
Алардын арасында Бегимайдын видеосун жактырып, жакшы каалоо-тилектерин айткан колдонуучулар да бар.
Бегимай Карыбекова - модель. Ал мурда Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Top Model Of The World-2016" сынагына катышып, эң сулуу 7 бийкечтин катарына кирген. Мындан кийин ал аталган сынактын промо-ролигине тартылуу укугуна ээ болгон.
Алдыда боло турган "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына катыша турган башка кыздар да өздөрүн тааныштырган видеолорду жарыялоодо. Алардын арасында Монголиянын атынан катышып жаткан Цэвээндайшин Энхжиндин өзүн тааныштыруу видеосу көптөгөн кароолорду алууда. 24 жаштагы катышуучу видеосунда монгол элинин көчмөн жашоосу, улуттук каада-салты жана мекенинин жаратылышынын кооздугу тууралуу баяндап берген. Башка катышуучулардын видеосун болжолдуу 9 миң колдонуучу көрсө, Энхжиндин видеосун 60 миңден ашуун адам көргөн.
Энхжин өзүнүн кесиби боюнча дизайнер. Ал Кембридж университетинин искусство тарыхы бөлүмүн аяктаган. Азыркы учурда ал Eden Design компаниясын башкарат.
"Дүйнө сулуусу-2017" кароо-сынагына жалпысынан 70 өлкөдөн сулуулар катышат.