Талас районунда, тактап айтканда, Талас-Тараз унаа жолунда 27-май күнү саат 15:20 чамасында жеңил автоунаа өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Талас облустук Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын инспектору У.Тамабаев билдирди. Маалыматка ылайык, өрттөнгөн Ауди үлгүсүндөгү унаа Кара-Буура районунун жашоочусу Масалбеков Айдарга таандык болгон. Өрт өз учурунда өчүрүлүп, бактыга жараша, жабыркагандар жок. Иликтөөдө унаанын өрттөлүшүнө айрым тетиктерди туура эмес колдонуу себеп болгондугу аныкталды.