Экс-мэр Нариман Түлеев менен бирге коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы башчысы Бактыбек Садыков 29-майда үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев кабыл алды. Буга чейин Садыковдун жактоочусу судьяга аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчүн билдирген болчу.