ЖЫЛНААМА, 16-ОКТЯБРЬ: Ырчы Каныкей 30 жашын тар чөйрөдө белгилей турганын айтты

Өзгөчө стили, үнү, образы бар ырчы Каныкей бүгүн, 16-октябрда 30 жашка чыкты. Ал SUPER.KG порталына өздүк майрамын кандай кылып белгилей турганын айтып, сезимдери менен бөлүштү.

"Чыгыш календары боюнча 30, 40 жашты көп белгилешпейт экен. Мындан улам бүгүнкү туулган күнүмдү белгилебей эле койсомбу деп ойлоп жаткам. Бирок тар чөйрөдө жакын адамдарым менен өткөрүүнү чечтим. Апалар сезимтал келет эмеспи, биринчи болуп өздүк майрамым менен таң эрте апам куттуктады. Андан соң жолдошум куттуктады. Ушул жашка чейин мен көп нерсеге жетиштим деп ойлойм. Үй-бүлө курдум, балалуу болдум. Карьерага дагы жетиштим. Андыктан бактылуумун деп айта алам", - деди ырчы.

Белгилей кетсек, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" аталган ырчы Каныкей Алымбекова 1987-жылы 16-октябрда Токмок шаарында төрөлүп, ошол эле жактагы №9-мектепти аяктаган. Ыр дүйнөсүнө 2005-жылы "Поющий город" сынагына катышкандан кийин аралашып, 2006-жылдан баштап "Каныкей" продюсерлик долбоорун түзүп, иштей баштаган. Ырчынын репертуарындагы популярдуу ырлары - "Носонтэ", "Жүрөк сыздайт", "Коё бергин мени кайгы", "Сарала", "Кара чаң", "Жүрөк сыздайт", "Адаштым", "Көпөлөк", "Садагам", "Куурчак" жана башкалар.

  • Ырчы буга чейин SUPER.KG`ге берген маегинде "Үйдө аябай жаман кожойкемин, менден үлгү алуунун кереги жок. Апам ашпозчу болгондуктан ал жасай берип ошого көнүп калыптырмын. Бир гана этти казанга асып, камырды жайып, кесип бышырган "нарынский беш бармак" деген тамакты жасаганды билем. Бирок жолдошум, уулум үчүн аракет жасайм. Жолдошум да, мен дагы ашканадан алыс адамдарбыз", - деп айтканы бар.
  • "Эне болгондон кийин сабырдуулукка үйрөндүм. Уулубуз Алимди колума алган сайын "Алимчик, мен бул дүйнөгө ырдаш үчүн эмес, сени төрөш үчүн келгем" деп эркелетем. Баламды карьерадан бийик коём", - деген ал.

16-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aiza.kyrgyzkyz
2017-10-16 11:27:27
Эн мыкы создор. Алимчиктин бактысына бар бол Каникей.
+1
Aizhamalka
2017-10-16 11:50:57
Менин суйуктуу ырчым. Мага Каныкей ото жагат. Ыры да, озу да сонун.
+1
aerforce
2017-10-16 11:52:19
ушул ырчыны суйомда и урматтайм
+1
Nevestkaa
2017-10-16 14:22:10
Өмүрүң узун болуп ылайым көөөп балдарды төрөш үчүн жаралган болсоң экен.Акыркы сүрөтүңдү балаңа көрсөтпө коркуп кетпесин бөөөө деп.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан