28-майда баңгизат өсүмдүгүн өстүрүп жаткан Аламүдүн районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, 57 жаштагы Рамазан Г. аттуу жарандын короосунда 171 баш апийим өсүмдүгү өсүп жаткандыгы белгилүү болду. Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.