Археолог: "Көмүлгөн мумияны кайра казып тез арада ордуна коюлушун талап кылабыз"

Кыргыз археологдору жана тарыхчылары 1956-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылында табылып Тарых музейде сакталып турган мумиянын жерге берилишине нааразычылыгын айтышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Илимдер академиясынын тарых институтунун директорунун орун басары Кадича Ташбаева маалымат жыйынында билдирди.

"Биз көптөгөн мээнеттер менен мына ушундай тарыхтын издерин издеп мумияларды табабыз. Мына ушул Улуттук музейде сакталып турган аялдын мумиясы - бул биздин өлкөбүздөгү жакшы абалда сакталган жалгыз мумия болчу. Аталган мумия жаткан жерге суу жана аба кирбей жакшы сакталган. Аны изилдөө менен жашын аныктоого мүмкүн эле. Анын кийген кийимдери да жакшы сакталган. Анын кийимдеринде Кытайда тигилген жибектер бар эле. Аны изилдешибиз керек болчу. Ошондой эле анын ДНКсын изилдеп ошол учурдагы ооруларды аныктасак болмок. Ал эми биздин маданият министрибиз, атайын комиссия 10 мүнөттө жерге берүү чечимин кабыл алышты. Комиссия мумиянын салмагына, анын археологиялык баалуулугуна баа бербей туруп добуш беришти. Алардын арасында археологдордон мен жалгыз эле болдум", - деди Кадича Ташбаева.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары мумияны көмүүгө демилгечи болгондорду вандализмге күнөөлөштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
kechirmeni
2017-10-17 12:32:56
Эн жаман нерсе адам олгондон кийин комулбой калганы, адам олгондон кийин ак кепиндеп жерге берген жакшы, менимче туура эле кылышкан. Алла Таала фараондорду каргыштады алардын сооктору комулбой калды, тушунгон адамга эн жакшысы олукту жерге беруу
+7
RUSLAN.KG
2017-10-17 13:10:05
1956-жылы табылса, 61 жыл изилдебей эмне кылдыңар??? 61 жыл!!!
Ошол СССРдин илимдин күчтүү кечинде изилденбесе, азыр кандай болот? Мейли, технологиялар алдыга созду, бирок бизде алар жок...
Бизде не деген адат - баары болуп өткөндө, түштөн кийин эле кыйкырып, ызылдап калмай? Өз убагында айтпай.
+5
Paolo
2017-10-17 14:07:56
Же биз типа иштеп жатабыз деп озунорду корсотуп коелу дединерби
+5
KG.Kushtarbek
2017-10-17 14:24:45
1954 жылы табылса азр 2017 Некылдынар анда археологдор ошо текшеруулорду мурун кылыш керекде...
+3
altynbek_canto
2017-10-17 14:35:19
Мен эч түшүнө албай койдум ушуларга, мумияны казып чыгарып эмне кылышат билбейм же аны жейби же ХХХХ алып жатабы?! Адам сөөгүн баарибир жерге бериш керекго, мумия жерге бергени жакшы болду эмне кылат кайра казып.
+5
Romantik.
2017-10-17 14:38:19
После пожар ХХХХ!
+2
kenjebek_a
2017-10-17 15:33:52
Аны чет жактагылар сатып алабыз деген экен,ошондуктан ызылдап жатышса керек.Соокту Баткенге чейин атайын узатып жерге беришиптир.Сатып жибербесин деп.Мусулманчылыкта ак кепиндеп жерге бериш керек.Калк айтса калп айтпайт.Сатпаганынар ошол калды эле.
+2
kenjebek_a
2017-10-17 15:35:24
Жарым кылым турган соокту эми изилдейбиз дегени кумон жаратат.
+2
Aza17
2017-10-17 15:52:10
Бир саясатчы жерге берип кайра ачабыз десе бурукту аткарып жатасынарда. Жерге бердинерби эми тынч алып кыйнабагыла.
+2
KAYRATBEK
2017-10-17 15:54:55
61жылдан бери ХХХХ такалап журдунорбу. Акылынар жайындабы? ХХХХ болбогулачы. Казып алганынарда деле эч ким изилдебейт дагы жатат. Казып алып эмне бышырып жейсинерби. Жондон жон куноокор болбогулачы. Акылсыздыктын да чеги болот да.
+2
nurbekasr
2017-10-17 16:01:13
Архологдор көп ызы чуу сала бербесеңер.Биринчи өзүңөрдү изилдеп алгылачы,ар кимиң ар жерде жүрөсүңөр чачылып.Эми эсиңерге келдиңерби 60 жыл уктап.Сөөктү жайына жерге кою керек,сөөк тынч жатсын.
+3
nurbekasr
2017-10-17 16:03:26
Андан көрө зээриксеңер Москвага барып Ленин атаңарды изилдегиле.
+2
ori
2017-10-17 17:55:09
Тааак....логиканы куйгузобуз озу негизи мусулманчылыкта адам баласы жерге гана берилиши керек!бирок ошону менен бирге бул мумияны кудайга тенеген деле болбойт!(кырсык болот ж.б.у.с)архиелогтор силерге бугун 5 после пожара насоса не надо дейт!где вы были до этого!
+1
Tyty1990
2017-10-17 19:02:24
Мурун не кылып журдунор изилдебей. ХХХХ болуп.
0
Parish
2017-10-17 20:00:30
60 Жылдан бери туруптур ушунча жылдан бери изилдебей Эми комуп койгондон кийин ызылдайсынар да.Тура эле комулгон ,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан