Дайыр Кенекеев, Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү: "Митинг өткөрүүгө негиз жок"

Бүгүн, 17-октябрда Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев митинг өткөрүүгө негиз жок деген оюн айтты.

"Таласта митингге чыккандардын артында кимдир бирөө бар. Кечээ чогулгандарга тамак, спирт ичимдиги таратылып жатты. Митингге 3-4 миң киши чыкты дегени калп. Жалпы 600-700 киши чогулду. Мен чыгып алар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң чогулгандардын 500дөйү тарап кетти. 200гө жакын адам гана туруктуу турду", - деди ал.

Эске салсак, кечээ Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун 3 миңдей тарапташтары чогулуп митинг өткөрүшкөн. Митингчилер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп "административдик ресурс пайдаланылган. Шайлоо таза өткөн жок", - деп чыгышкан. Алар менен Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү жолугуп, сүйлөшкөн. Эл саат 20:30дар чамасында тарап, митинг 17-октябрда уланарын айтышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mir777
2017-10-17 13:38:51
Талас эмне болду?
+1
mir777
2017-10-17 16:01:09
mir777,Кенекеев Таластык эмес экенсин шаршенович шаршенович деп ХХХХ болсон
+3
mir777
2017-10-17 13:39:13
Бул аша озу кыргызбы?
+6
nurbekasr
2017-10-17 14:08:56
Спирт ичимдиги деп айтбай эле койбопсун,Таластык туугандарды уят кылып.Спирт ичимдигине эч несе кошулбаптырбы акыл эсти козгой турган,биро толо ошонусун да текшерип койбопсун.А так өзүң түшүндүң ээ кошулса эмне болоорун.
+6
Patriot7
2017-10-17 14:16:31
Бийликтин адамы бийликтин созун суйлойт да....

Митингге чыгууга себеп болбосо, кечоо ошончо эл бекерчиликтен чогулдубу?!!

Кечоо 600-700 адам эмес, кеминде 2000ден ашуун эл чогулганы суроттон да, видеодон да корунуп турат го?!! Козун коруп турса, калп айткандар барбы?!!

Учунчудон спирт ичимдиги таратылса, ошону видеого тарттырые албайт белен, далилсиз суйлобой?!! Ким ишенео сага, ошончо калпындан кийин?!!
+5
boro
2017-10-17 15:17:10
Митинге чыккандардын арасында спирт ичимдигин ичкендер болду, мен оз козум менен кордум. Губернатор калп айткан жок.
-5
Kemel29101981
2017-10-17 15:53:54
boro,ичсе экоо учоо ичкендир. Ичкен адам митинг эмес жай кундордо деле ичет.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан