Кырсыкка учураган Боинг-747 боюнча жакында эл аралык авиациялык комитеттин жыйынтыгы чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
"Мен кечээ күнү эл аралык авиациялык комитеттин жетекчиси Татьяна Анодина менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал учурда изилдөө иштери жыйынтыкталып жатканын, жакында толук жыйынтык чыгарыларын айтты. Аталган кырсыкка алдын ала Кыргыз өлкөсүнүн тиешеси бар же жок деп айта албайбыз, бирок биз тарапта көп деле күнөө жок", - деди министр.
Андан сырткары ал аталган комитетке кырсык тууралуу болгон маалыматтардын баарын өткөрүп беришкенин билдирди.