Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19 миллиард 452 миллион куб метрди түзөт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыга караганда 2 миллиард куб метрге көбүрөөк. "Сиздер билгендей быйыл суу башка жылдарга караганда көбүрөөк келип, жалпысынан быйыл 142 пайыз суу келди. 1-октябрга карата эсептер боюнча чогулган суунун көлөмү 19,6 миллиард куб метрди түзгөн. 2017-жылдын 9 айында электр энергия иштеп чыккан көлөмү 10,7 миллиард киловатт саат (кВт) түздү. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 2 миллиард кВтка көп", - дейт Айбек Калиев.
Андан тышкары Калиевдин айтуусу боюнча, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин 550 миллион кВт электр энергияны экспорттоого келишим түзүлгөн. Келишим боюнча 1 кВт 2,4 центке барабар болгон, экспорттун жалпы баасы 13 миллион долларды түздү.