"Так талашуу оюну" сериалынын актёру Рой Дотрис каза болду

"Так талашуу оюну" ("Игра престолов") сериалында даанышман Галлиндин ролун аткарган британиялык актёр Рой Дотрис 94 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, актёр өзүнүн үйүнөн 3 кызынын, небере, чөбөрөлөрүнүн жанында көз жумган.

Белгилей кетсек, Рой Дотрис 1984-жылы "Амадей" фильминде Леопольд Моцарттын образын жараткан. Ал эми "Так талашуу оюну" сериалына 2012-жылы тартылып, Галлиндин ролун аткарган. Анын үнү америкалык жазуучу Жорж Мартиндин "Муз жана жалын жөнүндөгү чыгарма" ("Песнь льда и пламени") аудиокитебине колдонулган. "Так талашуу оюну" сериалы аталган китептин негизинде тартылган. Актёр мындан сырткары 100гө жакын тасмада роль жаратып, кино сыйлыктарга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан